Эртең электр энергиясына карызы бар Бишкектеги 5300дөн ашык абонент дистанциондук түрдө өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасы маалымдайт.
Маалым болгондой, шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн компаниянын сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү бар, анын жардамы менен компаниянын бардык абоненттери, анын ичинде турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттери каалаган убакта жеке кабинетинин абалын көрө алышат.
Мындан тышкары, турак-жай абоненттери өз балансын Play Market жана AppStore аркылуу орнотулган «Менин жарыгым» мобилдик тиркемеси аркылуу биле алышат.