Жаңылыктар
Ишкерлерден акча опузалаган блогер кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлерден акча опузалаган блогер кармалды

Жалал-Абад шаарында ишкерлерден акча талап кылган дагы бир блогер кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, ал социалдык тармактарда "Жазира Осмонова" деген ат менен таанымал жана активдүү.

Кармалган жаран өзүн журналисттик иликтөөлөрдү чагылдырган блогер катары тааныштырып, бизнес өкүлдөрүнөн опузалап акча талап кылган. Шектүү эки ишкерди Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы базарлардын биринин ижарачыларынан ижара акысын мыйзамсыз жыйнаган деп айыптап, шантаж жана "журналисттик иликтөө" жүргүзүү менен коркутуп, андан кийин интернет тармактарга материалдарды жарыялоо жолу менен жабырлануучудан бир нече жолу ири суммадагы акча каражаттарын алган.

Аталган жаран буга чейин да ушундай эле факт боюнча кармалган дагы бир белгилүү блогер "Айка Мусаева" менен жакын байланышта болгон.

Учурда анын ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.