Жаңылыктар
Соцфонддо чернобылчылардын атын жамынуу менен акча жасаган топ аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Соцфонддо чернобылчылардын атын жамынуу менен акча жасаган топ аныкталды

УКМК Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддогу системалуу коррупциялык схемага бөгөт койду.

Маалыматка караганда, Социалдык фондунун кызмат адамдары бюджеттен өзгөчө ири өлчөмдөгү бир жолку акчалай компенсацияларды чыгаруу максатында "Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары" коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалымкаттарын пайдалануу менен системалуу түрдө коррупциялык схема уюштургандыгы аныкталган.

Натыйжада Социалдык фондунун аудит башкармалыгынын башкы аудитору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.