Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилет ага ылайык ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кошпогондо, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын алардын иши жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга да алардын иши алардын статусун регламенттеген мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жайылтылат.
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ушул Мыйзамда каралган ченемдерди колдонуу тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.