Жаңылыктар
Жумушсуз жаштарга иш берилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жумушсуз жаштарга иш берилүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүп келет. “Жаштар такшалмасы” пилоттук долбоору 2024-жылда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бүткүл Дүйнөлүк банк менен түзүлгөн меморандумдун негизинде ишке ашып жатат. Келишимдин алкагында Кадамжай районундагы айыл банкынын кеңсесинде да стажёрлер иш-тажрыйба өтөөдө.

Өткөн жылы Баткен облусунун Кадамжай район аймагынан 46 стажёр иш-тажрыйбадан өтүп, аларга 8600 сомдон айлык төлөнүп берилген. 9 стажёр мамлекеттик жумуштарда иш менен камсыз болду. Белгилей кетсек, район аймагына долбоор аркылуу жалпы 150 квота бөлүнгөн.