Оштогу Сулайман-Тоо улуттук-тарыхый музей комплексинде “Эл ичи - түгөнбөгөн кенч” аттуу көргөзмө ачылды
Ага Ош облустук бийлигинин өкүлдөрү, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын мугалимдери, студенттери жана орто мектептердин окуучулары, Тургунбай Садыков атындагы музейдин жамааты катышты.
Иш-чаранын ачылышында Сулайман-Тоо музейинин директору Медербек Апарханов сөз сүйлөп, 2024-жылы чогултулган тарыхый коллекцияларга токтолду. Ошондой эле тарыхый баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу музей комплекстин башкы максаты экендигин кеңири айтып өттү.
Келген коноктордун бири, ОшМУнун Тарых-юридика институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, этнограф Ч.Сатыбалдиева музей комплекстин жамаатына “Кыргыздардын салттуу саймачылык өнөрү” аттуу китебин белек кылды.
Көргөзмөдө 2024-жылы музей фондуна келип түшкөн этнографиялык, археологиялык жана нумизматикалык 1095 даана буюм коюлду. 1095 даана буюмдун ичинен 66 даанасы музей кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар тарабынан келсе, 1029 даанасы 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программасынын алкагында табылган.
Көргөзмөнүн максаты - музей көрөрмандарын тарыхый-маданий мурастарга болгон кызыгуусун арттыруу жана тарыхый баалуулуктар, этнография буюмдары, күтүүсүз жерден табылган уникалдуу кайталангыс буюмдарды музейлерге тапшыруу керектигин түшүндүрүү.