Жаңылыктар
Азамат Жамангулов санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Азамат Жамангулов санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды

Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Жамангулов Азамат Саадатбекович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. 

 Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Азамат Жамангуловдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.