Эртең, 30-январга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт.
Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда – түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2
Талас облусунда – түнкүсүн -5...-10, күндүз -4...+1
Баткен облусунда – түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4
Ош, Жалал-Абад облустарында – түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4
Ысык-Көл облусунда – түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4
Нарында – түнкүсүн -12...-17, күндүз -4...-9
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдордо кар күрткүсү жаралып, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5°, күндүз 0...+2° болот.