Жаңылыктар
Бейтаптардан 20 миң сомго чейин акча алып жүрүүгө шектелген дарыгер кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бейтаптардан 20 миң сомго чейин акча алып жүрүүгө шектелген дарыгер кармалды

Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан системалуу түрдө акча талап кылганы үчүн кармалды.

УКМК Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунда системалуу түрдө акча чогултууфактысы боюнча жарандардын УКМК жетекчилигине бир нече жолу кайрылгандыгынабайланыштуу, сот тарабынан санкцияланган тергөө иш-чаралары уюштурулуп, андааталган борбордун дарыгери тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу жана алууфактылары аныкталганын билдирди.

Тактап айтканда, 2025-жылдын 28-январында козголгон кылмыш ишининалкагында, аталган борбордун дарыгери – 1988-жылы туулган С.М.П. кармалды. Ал системалуу түрдө онкологиялык оорулууларга жасалган операциялар жана акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн, ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган төлөмдөрдү реестерге каттабастан, алар боюнча квитанцияларды бербестен, бейтаптардан 2000 сомдон 20000 сомго чейин алып жүргөн. Буга байланыштуу санкцияланган видео байкоонун жүрүшүндө аталган дарыгер тарабынан пара алуунун көптөгөн фактылары (эпизоддору) тастыкталган. Дарыгердин кабинетин тинтүүнүн натыйжасында бейтаптардан алынган 119 000 сом жана 100 АКШ доллары табылды. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында дарыгер КЖКнын 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда борбордун кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда. 

УКМК коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын катаалдашканына байланыштуу, өлкөбүздүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт койуу боюнча активдүү жана максаттуу иштер жүргүзүлүп жатканын эскертет.