Нарын облусунда быйылкы күз-кыш мезгилинде электр жабдууларында орчундуу авария жана чектөө үчүн өчүрүүлөр болгон жок. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынын директору Рустам Сакиев билдирди.
Анын айтымында, быйылкы кыш мезгили жеңил өтүп жатканы менен облус аймагында электр жабдыктарында авариялык абал катталып,алар энергетиктердин жардамында тез арада калыбына келтирилип жатат.
“Быйылкы кыш мезгили жеңил өтүп жатат, буюрса иштерибиз жакшы. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу авариялык кырдаалдар түзүлдү, бирок алар атайын бригадалардын жардамында ыкчам калыбына келтирилип жатты. Негизинен орчундуу авариялар болгон жок. Ошондой эле таңкы саат 6дан 9гачейин электр жарыгы көп пайдаланылган жогорку чыңалуу сааттары убагында жабдыктарга күч келтирбөө үчүн бири-бирине которуу менен жөнгө салуу иштери жүрүп жатат. Электр жарыгын чектөө үчүн өчүрүүлөр болгон жок”.
Электр жарыгын пайдалануучулардын өткөн жыл үчүнжалпы карызы 104 миллион 241 миң сомдутүзөт. Карыздардын 32 пайызы элге, 6 пайызы бюджеттик мекемелерге, 14 пайызы Нарын жылуулук берүү муниципалдык ишканасына, 46 пайыздан ашыгы дүкөн, кафе, мечит сыяктуу башка мекемелерге тиешелүү.
Карыздарды кыянаттык менен төлөбөгөн кардарларга даректүү өчүрүүлөр жүргүзүлүүдө. Алсак, өткөн бир жыл ичинде 1 миң 306 рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүп, 7 миң 621 кардар электр жарыгынан азжыратылган.