Бишкекте бүгүн эле жөө жүргөн адамдарды машина сүзүп кеткен үч учур катталды. Алардын бири жеңил жаракат алса, экөө оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу УТРКга Клиникалык тез жардам ооруканасынан билдиришти.
Өткөн жылы өлкөдө жөө бараткан адамды унаа сүзгөн 2613 факты катталган. Мындай кырсыктардын айынан 2000ден ашуун адам ар кандай жаракат алып, 254 киши өмүр менен кош айтышкан.
Жол кайгуул кызматы ушундай кырсыктардын алдын алуу үчүн апта башынан бери өлкө аймагы боюнча рейд өткөрүүдө. Анын алкагында жолду каалагандай кесип өткөн жөө адамдарга айып пул салынуу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Маселен 2 күн ичинде 1500дөй адамга миң сомдон айып пул салынды.
Ошондой эле өтмөктөрдө жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген эки миңден ашык айдоочуга протокол түзүлдү. Аларга 3000 сом айып пул салынууда. Бирок рейддин негизги максаты айып пул салуу эмес - жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү.