Жаңылыктар
Нарындагы темир-бетон цех облусту электр мамылары менен камсыздай баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындагы темир-бетон цех облусту электр мамылары менен камсыздай баштады

Нарын электр тармактар ишканасы өздөрүндө даярдалган темир-бетон мамыларын  райондорго жеткире баштады. Ишкана бул цехти өткөн жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата ишке берген.

Өткөн жылы Ак-Талаа, Кочкор жана Нарын райондук электр тармактарына жалпы 300 темир-бетон мамылары берилген. Эми Жумгал районуна 110 мамы жеткирилет.


Цех бетон аралашмасын автоматтык түрдө саатына 35 м³ даярдоочу заманбап жана жогорку өндүрүштүк кубаттуулукка ээ техникалар менен жабдылып, мамылар кылдаттык менен талапка жооп бергидей жогорку сапатта жасалууда. Учурда айына орто эсеп менен 120 даана мамычалар чыгарылып, алдыда өндүрүштү көбөйтүү  максат кылынууда.

Буга чейин башка цехтерден алынган бир темир-бетон мамы жеткирүү  баасы  акысы менен 11-12 миң  сомду түзүп келсе, ишкананын цехинде даярдалган мамылардын баасы 8-9 миң сомду түзөт.

Быйыл Кочкор районунун Чолпон айылына дагы темир-бетон цех куруу пландалып жатат.