Жаңылыктар
Абайлагыла, кайрадан фейк!
Кыргызстан жаңылыктары
Абайлагыла, кайрадан фейк!

Социалдык тармактарда соңку күндөрү УТРК сайтынын жасалгасына окшош дизайн менен жасалган баракча аркылуу белгилүү саясатчы жана ишкер Темир Сариевдин маеги делген материал тарап жатат. 

Буга чейин да таанымал ишкер жана меценат Аскар Салымбековдун, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин маектери делген ушундай эле жасалгадагы жалган материалдар тараган.

 УТРК бул материалдарга эч кандай тиешеси жоктугун жана ал жалган маалымат экенин билдирет. Ошондой эле интернет колдоочуларды УТРК атын жамынган мындай фейк, жалган маалыматтарга көңүл бурбоого жана ишенбөөгө чакырат!