Жаңылыктар
Онкологиялык оорулар тууралуу маалымдоо жумалыгы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Онкологиялык оорулар тууралуу маалымдоо жумалыгы өтөт

1-февралдан тарта Кыргызстанда онкологиялык оорулар тууралуу маалымдоо жумалыгы башталат. “Өз убагында текшерил – рактан бир кадам алдыда бол!” девизи менен өтө турган жумалык 4-февралда белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулууда.

Өнөктүк алкагында 4-7-февраль күндөрү саламаттык сактоо мекемелеринде  жатын моюнчасынын жана сүт безинин рак оорусу боюнча ачык эшик күндөрү  өтөт. 

Гинеколог, маммолог дарыгерлери жатын моюнчасынын жана сүт безинин  рак дартына текшерүү жүргүзүп, кеңеш берет. Скрининг жана консультациялар борбор шаардагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда болот.