Жаңылыктар
Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту. Жолугушуу Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жылуу саламын жолдоду.

"Казакстан-биздин жакын коңшубуз, боордош мамлекет жана негизги соода өнөктөшүбүз. 2024-жылы кыргыз-казак мамилелеринде мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү окуялар болду. Эки тараптуу мамилелер өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлдү. Биз сиздер менен мындан ары да болгон келишимдерди ишке ашыруу жана кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүдө жаңы жыйынтыктарга жетүү үчүн күч - аракетибизди жумшайбыз деп ишенем", - деди Адылбек Касымалиев. 

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына Адылбек Касымалиевди дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады. Олжас Бектенов жакын арада Казакстан Республикасына келип кетүүгө чакырып, казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө умтуларын билдирди. 

Тараптар жетишилген макулдашууларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-19-апрелиндеги Казакстанга расмий сапарынын алкагындагы жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн өз ара баса белгилешти жана биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.