2018-жылы Баткен шаарындагы жер тилке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жолу менен мамлекеттин балансынан жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен азыркы менчик ээси өз ыктыяры менен жалпы аянты 3 гектар болгон жер тилкесин Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен мамлекеттик объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган иштерди улантууда.