Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапардын алдында Кытайдын алдыңкы "Синьхуа" маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек курду.
Мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгынын негизги аспектилерине, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарына жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө кеңири токтолду. Президент саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана маданий-гуманитардык алмашууларды кеңейтүүгө багытталган алдыдагы сапардын өзгөчө маанисин баса белгиледи. Маекте биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана транспорттук логистика маселелери козголду.
Президент Садыр Жапаровдун "Синьхуа" агенттигине берген маегинин толук текстин сунуштайбыз.
- Урматтуу Президент мырза, 2023-жылдын майында Сианда “Кытай - Борбор Азия” биринчи саммитинин жүрүшүндө Сиз жана Төрага Си Цзиньпин кытай-кыргыз мамилелерин жаңы доордо баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрдүңүздөр, биргелешип ынак коңшулук, достук жана биргелешкен гүлдөп-өнүгүү менен мүнөздөлгөн жалпы тагдыры бар кытай-кыргыз коомчулугун түзүү тууралуу жарыяладыңыздар. Бул эки тараптуу алакалардын тарыхында урунттуу учур болуп калды. Сиздин оюңузча, кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүдө кандай жетишкендиктер орун алды? Сиз аларга кандай баа бересиз?
- Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү терең баалайт. Акыркы жылдары мамлекеттерибиз ишенимди бир кыйла чыңдоого жана ынак коңшулук, достук жана жемиштүү кызматташуунун бекем принциптерине негизделген өз ара пайдалуу мамилелерди курууга жетишти.
Биздин эки өлкөнүн кызматташуусунун учурдагы “алтын доору” урматтуу кесиптешим Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын жеке көңүл буруусу, жылуу мамилеси жана ишеними аркылуу жетишилгенин кубануу менен белгилейм. Учурдан пайдаланып, кымбаттуу досум Кытайдын урматтуу Төрагасы Си Цзиньпин мырзаны, анын жубайы Пэн Лиюань айымды жана Кытай Эл Республикасынын бүтүндөй элин Жаз майрамы менен куттуктайм.
“Достук – бул жылмалаган сайын көркүнө чыккан асыл таш” деп кытай элинин накыл сөзүндө айтылат.
2023-жылдын майында Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарымдын жыйынтыгы боюнча биз Кытайдын урматтуу Төрагасы Си Цзиньпин мырза менен биздин эки жактуу кызматташуубузду жаңы доордо баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгардык.
Бул, албетте, биздин өлкөлөрдүн өз ара алакаларынын эң жогорку деңгээлинен кабар берет, саясий өз ара ишеним чөйрөсүндөгү олуттуу жетишкендик болуп саналат, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүлөрдү тереңдетүүгө, аймактык кызматташууну мындан аркы бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Мамилелерди көп жактуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөргөн учурдан тартып соңку эки жылда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу алакалар бир кыйла динамикалуу мүнөзгө ээ болду.
Биз парламенттердин, өкмөттөрдүн, министрликтердин жана ведомстволордун, аймактардын башчыларынын деңгээлинде бир катар маанилүү сапарларды жана иш-чараларды өткөрдүк. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна сапары менен бир нече ирет барды. КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Цянь мырза Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Мындан тышкары, акыркы 10 жылда биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайга расмий сапары менен барды.
Ошентип, жаңы доордо баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюлган күндөн тарта биздин мамлекеттер аралык мамилелерибиз өсүп, жогорку динамика менен мүнөздөлгөнүн канааттануу менен белгилөөгө болот.
Биздин мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку статусун бекемдеген иш жүзүндөгү жетишкендиктердин бири - 2024-жылдын 27-декабрында расмий түрдө башталган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу маанилүү биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун башталышы болуп саналары шексиз. Бул мегадолбоор КЭРдин урматтуу Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын “Бир алкак, бир жол” демилгесине толук кандуу үндөш.
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында “Бедел” үчүнчү өткөрмө пунктунун ачылышы соода-экономикалык кызматташтыкты бир кыйла активдештирет деп ишенем.
Кытай менен бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет. Биздин өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы түпкү кызыкчылыктарга шайкеш келген байланыштарыбызды мындан ары өнүктүрүүгө тоскоолдук кылуучу кандайдыр бир принципиалдуу жана талаш-тартыштуу маселелердин жоктугу кубандырат.
Баарыбызга белгилүү болгондой, 2024-жылы июлда 20-чакырылыштагы Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин “реформаларды ар тараптуу тереңдетүүгө жана Кытайдын модернизациясын илгерилетүүгө” арналган 3-пленуму ийгиликтүү өткөрүлдү. Анда Кытайдын модернизациясын ишке ашыруу аркылуу кубаттуу мамлекеттин курулушун жана кытай элинин кайра жаралуусунун улуу ишин ар тараптуу алдыга жылдыруу үчүн жаңы стратегиялык пландар иштелип чыккан.
Биз Кытай тарабынан сунушталган Адамзаттын жалпы тагдырынын коомчулугун куруу концепциясын, “Бир алкак, бир жол” демилгесин, Ынак коңшулук дипломатия концепциясын, ошондой эле Өнүктүрүү глобалдык демилгесин, Коопсуздук глобалдык демилгесин жана Цивилизация глобалдык демилгесин жогору баалайбыз жана колдойбуз. Алар Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана дүйнөдөгү коопсуздукту жана өнүгүүнү сактоого маанилүү салым кошууда деп эсептейбиз.
Бүгүнкү күндө биз Кытай жогорку сапаттагы өнүгүүнү тынымсыз илгерилетип жатканына жана жакырчылыкты жоюу, өнүгүү ж.б. сыяктуу курч маселелерди чечүүдө өзүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын башка өлкөлөр менен аябастан кеңири бөлүшүп жатканына күбө болуп жатабыз. Кытай модернизациясы алган темп, сөзсүз түрдө, Кыргызстан жана жалпы эле Борбор Азия аймагы үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет деген ишенимибиз бар.
Кыргызстанда калктын бакубаттуулугун жакшыртууга жана өлкөдө жогорку экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүүгө багытталган масштабдуу өзгөрүүлөр жүргүзүлүүдө. Биз коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзүп, калкты социалдык жактан коргоону камсыздоо, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын арттыруу жана рыноктук атаандаштыктын негиздерин бекемдөө чараларын өркүндөтүп жатабыз.
Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ынак коңшулук өз ара алакаларды чыңдоого жана колдоого, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-кытай кызматташуусунун чексиз дараметин максималдуу ачууга жана пайдаланууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйбүз.
- КЭР Башкы бажы башкармалыгынын статистикасына ылайык, 2024-жылдын январынан ноябрына чейин Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы сооданын көлөмү 19 млрд 863 млн АКШ долларына жеткен. Ошол эле учурда Кытай Кыргызстандын ири соода өнөктөшү жана өлкө үчүн ири импорт булагы статусун сактап келет. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүнүн туруктуу өсүү тенденциясына кандай баа бересиз?
- Кытай Кыргызстан үчүн узак жылдардан бери башкы соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп келген жана болуп кала берет.
Саясий диалогдун эң жогорку деңгээли бизге өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык күн тартибин ийгиликтүү илгерилетүү үчүн өтө жакшы мүмкүнчүлүк берерин белгилей кетким келет.
“Бир кайыкка түшкөндөр, бир багытта сүзүшү керек” – бул накыл сөз кыргыз-кытай өнөктөштүгүнүн маңызын эң сонун чагылдырат.
Өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракеттери рекорддук ийгиликке жеткирди: 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү бажы органдарынын маалыматы боюнча 22,71 млрд АКШ долларына жеткен.
Бул натыйжа биздин соода-экономикалык кызматташуубуз активдүү өсүп жатканын тастыктайт.
Азыркы тапта соода-экономикалык өз ара аракеттенүүгө көңүл буруубуз зарыл. Биз өз ара сооданы өнүктүрүүгө, ага диверсификациялоого, эки жактуу кызыкчылыктарды көздөгөн биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдарбыз.
Бул өңүттөн алганда, учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкөдөгү инвестициялык кырдаалды жакшыртуунун үстүндө жигердүү иштеп жатат. Жагымдуу ишкер чөйрөнү түзүү, ошондой эле чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат.
Кыргыз-кытай экономикалык кызматташуусун мындан ары өркүндөтүү үчүн айыр чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, экология жана энергетика сыяктуу маанилүү тармактарда комплекстүү иштерди жүргүзүү маанилүү деп эсептейм.
Биз эки өлкөнүн региондорунун кызматташууларын бекемдөө, банктык-финансылык платформаны түзүү, ошондой эле чек аралык жана электрондук сооданын артыкчылыктарын натыйжалуу пайдалануу ниетиндебиз.
Дүйнөлүк экономикадагы кырдаал туруксуз болуп жаткан шартта чек ара аймактары аркылуу товарларды экспорттоо жана импорттоо жол-жоболорун ыкчам жүргүзүүгө көмөктөшүүчү шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралардын мааниси зор экендигин баса белгилегим келет.
Биз туура соода-экономикалык ишмердүүлүктү камсыздоого жана ташуулардын глобалдык түйүнүнүн тоскоолдуксуз иштөөсүн жөнгө салууга күч-аракетибизди жумшап жатабыз.
Буга байланыштуу биздин өлкөлөр учурда иштеп жаткан “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө жайларынын, ошондой эле “Бедел” өткөрмө пунктунун транзиттик жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат.
Бул жерде мен соода-экономикалык кызматташтыктын жогорку динамикасы биринчи эки көзөмөл-өткөрмө пункттарынын жумуш убактысынын көбөйүшүндө айкын көрүнүп тургандыгын белгилеп кетким келет.
Биз тараптан алардын жумуш убактысын узартууга даярбыз. Биздин кытайлык досторубуз дагы ушул багытта иштеп жатышат. Алсак, мурда Кытай тараптан өткөрмө пункттар күнүнө 8 саат, жумасына 5 күн иштесе, 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин алар суткасына 14 саат, жумасына 7 күн иштөө режимине өтүшкөн.
Биз бул кадамдарды жогору баалап, Кытай тарапка ыраазычылык билдиребиз. Бул жерде 2024-жылдын 1-мартынан тартып кыргыз тарап “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө пункттарын күнү-түнү, б.а. жумасына 24 саат/7 күн иштөө режимине өткөргөнүн белгилеп кетким келет. Кытайлык өнөктөштөрүбүз да көзөмөл-өткөрмө пункттарынын күнү-түнү иштөө режимине өтөт деп ишенебиз.
“Бедел” өткөрмө пункту биздин өлкөлөрдүн достугунун тарыхында жаңы этапты ачып, Кытайдан Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жүк ташуунун көбөйүшүнө чоң кошумча салым кошоору шексиз.
Жакын арада “Барскоон-Үчтурфан-Аксу” автомобиль жолу курулат.
Кыргызстан КЭР СУАР Кашгарга көмүр экспорттоп жатат. Логистикага кеткен чыгымды азайтуу максатында “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жерде көмүр ленталык конвейер жана көмүр кампалары курулууда.
Биз кытайлык өнөктөштөрүбүз менен биргеликте Кыргызстандан экологиялык таза айыл чарба өндүрүмдөрүн Кытайга экспорттоону өркүндөтүү иштерин улантуудабыз.
Учурда айрым айыл чарба өндүрүмдөрүн экспорттоо боюнча протоколдор тараптардын макулдашуусунда турат. Кытайлык досторубуз биздин өндүрүмдөргө рынок ачуу үчүн оңтойлуу шарттарды түзүп жатканын белгилеп кетүү кажет.
Бүгүнкү күндө КЭР Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Кызылсуу-Кыргыз округунун Улугчат уездинде кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмдөрүн ташууну камсыз кылуу үчүн “Эркечтам” өткөрмө жайында Айыл чарба жана кошумча продукцияларды кайра иштетүү боюнча индустриалдык парктын курулушун аяктады.
Кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү Кашкар бонд аймагы аркылуу Кытайга экологиялык таза өнүмдөрдү ташууну баштады.
Тараптар Нарын облусунда “Кашгар” жана “Нарын” жана “Кыргыз Почтасы” ААК эркин экономикалык аймактарынын ортосунда “Эки өлкө – эки парк” долбоорун биргеликте ишке ашырууда. Долбоордун максаты – Кыргызстан менен СУАРдын ортосунда электрондук чек аралык жана аймактык сооданы өнүктүрүү.
Буга байланыштуу, биз импортту жана экспортту тоскоолдуксуз камсыздоо үчүн транзиттик жүк ташуудагы “жашыл коридорлордун” натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерди күчөтүшүбүз керек деп эсептейм.
Эки өлкөнүн ортосундагы жүк ташуу көлөмүнүн көбөйүшү кыргыз-кытай соода-экономикалык мамилелерин жандандырууда негизги ролду ойнойт, бул ошондой эле Кыргызстандын экономикалык активдүүлүгүн өбөлгөлөгөн маанилүү шарттардын бири.
Кыргыз тарап бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына жана өз ара соода жүгүртүүнүн өсүү тенденциясын сактоо боюнча ишти улантууга даяр экендигине ишендиргим келет.
- 2024-жылдын 27-декабрында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору расмий түрдө башталды. Муну менен даярдык иштериндеги олуттуу жылыш белгиленип, курулушту тез арада баштоого бекем негиз түзүлдү. Сиздин оюңузча, бул кызматташтык долбоорлору канчалык маанилүү?
- Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы негизги биргелешкен долбоорлор 2024-жылы ийгиликке жетишкенин туура белгиледиңиз. Буга кытайлык өнөктөштөрүбүз менен жемиштүү жана сапаттуу биргелешкен ишибиз өбөлгө болду.
Кытай элинин накыл кебинде айтылгандай: “Эл бириксе, тоосу алтынга айланат”.
Мен баса белгилеп айта кетсем, тышкы инвестицияларды тартпастан, экономиканы тез өнүктүрүү мүмкүн эмес. Жана биз Кытайдын бай жана көп кырдуу тажрыйбасын колдонсок деген ниеттебиз. Өз ара пайдалуу кыргыз-кытай инвестициялык долбоорлору Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берерине ишенебиз.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу саясий ишенимдин жогорку деңгээлин ырастап турат жана заманбап Улуу Жибек Жолун жандандырган биздин өлкөлөрдүн стратегиялык флагмандык долбоору болууга багытталган деп айтсам жаңылышпайм.
Бул каттам жөн гана транспорттук коридор эмес. Ал Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, Түркияга, Европага жана андан тышкары өлкөлөргө жүктөрдү жеткирүүнү камсыздайт. Бул биздин жүктөрдү Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияга жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстан үчүн бул долбоордун көп жактуу мааниси бар.
Биринчиден, ушул темир жолду куруу өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн тездетет. Долбоорду ишке ашыруу Евразия континентиндеги транзиттик түйүн катары ролубузду чыңдайт. Жүк ташуулардын көлөмүнүн бир кыйла өсүшүн күтүүдөбүз.
Экинчиден, бул долбоор өлкөбүздүн аймактарын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Жаңы инфраструктура соода, туризм жана өнөр жайдын өнүгүшүн ыкчамдатып, алыскы аймактарга транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.
Үчүнчүдөн, темир жолдун курулушунун жана эксплуатациялоонун бардык баскычтарында миңдеген жумуш орундары түзүлөт. Бул өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына абдан оң таасирин тийгизмекчи.
Аталган темир жолдун курулушу жүзөгө ашса, Чыгыш менен Батыштын элдеринин ортосундагы өз ара байланыштар бекемделип, кургактагы Улуу Жибек жолунун тарыхый деми кайрадан жанданат деп ишенем.
Ошондой эле айта кетсем, ушул жылы жазында биздин ишенимдүү өнөктөш – кытайлык “China Road and Bridge” курулуш компаниясы “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү унаа жолунун курулушун аяктайт. 433 чакырымга созулган бул жол Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырып, жол жүрүү убактысын кыйла кыскартат.
- Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун негиздөөчү мүчөлөрүнүн бири катары уюмдун өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон. 2024-2025-жылдары ШКУга төрагалык кылган Кытай быйыл ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин 25-жыйынын өткөрөт. Алдыдагы жыйындан эмнелерди күтөсүз? Кытайдын төрагалыгынын ишин кандай баалайсыз?
- Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмунун негиздөөчү мамлекеттеринин бири катары ШКУнун Уставынын принциптерин жана жоболорун так сактайт жана ШКУнун уставдык документтеринде аныкталган бардык чөйрөлөрдө мүчө-мамлекеттер менен өз ара аракеттенет.
“Тынчтык – кызматташтыктан, гүлдөп-өсүү биримдиктен башталат” деп айтылат.
Биргелешкен күч-аракеттерибиз менен өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин кызыкчылыгындагы зор натыйжаларга жетебиз деп ишенем.
2024-жылдын июлундагы ШКУнун Астана саммитинин жыйынтыгы боюнча Уюмдагы төрагалык Кытай Эл Республикасына өткөн.
Кытай тарап, Уюмда төрагалык кылуучу катары, ШКУнун бекитилген кызматташтык механизмдерине ылайык Иш-чаралар планы боюнча көп багыттуу иштерди жүргүзөт.
Кыргыз тарап Кытай Эл Республикасынын төрагалыгы мезгилинде биздин уюмду мындан ары чыңдоого багытталган бардык алдыга коюлган артыкчылыктуу милдеттерди колдойт.
Албетте, төрагалык алкагында негизги жыйынтык иш-чара Кытай Эл Республикасында өтө турган ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин 25-жыйыны болот. ШКУ Саммитинин жыйынтыгы боюнча салтка ылайык маанилүү демилгелер жана чечимдер кабыл алынат. Алар Уюмдун өнүгүү тарыхынын жаңы барагын ачат.
Кытай Эл Республикасынын урматтуу Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын төрагалыгы алдында өтө турган ШКУнун Саммити ШКУну дүйнөлүк аренада мындан ары чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерибизге кошумча кубаттуу түрткү берет деп ишенем.
- Сиз февраль айында Кытайга мамлекеттик сапар менен барууну пландап жатасыз. Буга чейинки Кытайга болгон сапарларыңыздан кандай таасир алдыңыз эле, бөлүшө кетсеңиз? Алдыдагы сапардан эмнелерди күтөсүз?
- Кытай Эл Республикасынын урматтуу Төрагасы, менин кымбаттуу досум Си Цзиньпин мырзанын чакыруусу боюнча мен 2025-жылдын февраль айында Кытайга мамлекеттик сапар менен барам жана Харбин шаарында өтүүчү Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышам.
Мен кымбаттуу досум Си Цзиньпин мырза менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Биз жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келечектеги милдеттерди белгилеп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууларга жетишебиз деп ойлойм.
Сапарымдын жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен биздин улуу кошунабыз Кытай Эл Республикасынын ортосундагы баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жаңы дем бере турган Биргелешкен декларацияга жана бир катар эки тараптуу документтерге кол коёбуз.
Мен Кытайга көп жолу баргам, ар барганымда анын кооздугуна, кайталангыс мүмкүнчүлүктөрүнө жана таасирдүү жетишкендиктерине суктанып келем.
Сиздин өлкө дүйнөдөгү алдыңкы экономикалардын бири катары өз позициясын ишенимдүү сактап келе жатат, биз болсо кытайлык досторубуздун ийгиликтерине кубанып келебиз.
Жогорку сапаттагы өсүш жана ачыктык саясаты чет элдик инвестицияларды тартууда, ал эми акыркы технологиялар тармагындагы инновациялар, өзгөчө санариптик экономика жана жасалма интеллект Кытайды дүйнөлүк лидерге айлантты.
Биз Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин акылман жетекчилиги астында достук мамиледеги кытай эли Кытайды модернизациялоону ишке ашыруу аркылуу кытай улутунун улуу кайра жаралуусун ар тараптуу илгерилетип жатканын чоң кызыгуу жана көңүл буруу менен байкап турабыз.