Быйыл февраль айын ортолоп, Токмок шаарында 500 үй-бүлөгө ылайыкталган мамлекеттик ипотекалык турак жайдын курулушу башталат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” уктуруусунда Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө курулушу күтүлүп жаткан турак жай үчүн жерлер шаардын ортосунан тандалды.
Белгилей кетсек, калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу иштеринин алкагында, Президент Садыр Жапаровдун демилгесине ылайык, аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу иштери башталат. Тагырагы, Талас, Кара-Балта, Токмок, Сокулук, Айдаркен, Кемин, Кант шаарларында жана Ысык-Ата районунда жаңы үйлөр курулат.
Эске салсак, мамлекеттик иопеткалык компания быйыл республика боюнча 5 миң батир берүүнү пландоодо.