Быйыл Кант шаарын өнүктүрүүгө багытталган 30дан ашуун долбоор кабыл алынганын бүгүн, 5-февралда “Биринчи радионун” түз эфиринде Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен эки долбоор шаарда саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу жана коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртууга багытталган. Калганы АТРдин алкагында аталган шаардын аянты кеңейип, бүгүнкү күндө мурда Ысык-Ата районуна караган Люксембург жана Киргшелк айылынын инфраструктурасын жакшыртуу, шаардын ортосунан базарды көчүрүү сыяктуу бир катар иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга каралды.
Өткөн жылы аймактык административдик реформанын алкагында Кант шаарына облустук маанидеги шаар макамы берилген.