Жаңылыктар
Нарын - Баетов жолу быйыл толук оңдолуп бүтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын - Баетов жолу быйыл толук оңдолуп бүтөт

Быйыл Нарын облусунда 45 чакырым жол оңдолот. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү Нарын облусунда III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушууда билдирди.

Анда министр 2025-жылдын планына кирген Нарындагы жолдор боюнча маалымат берди.

"Арал - Миң-Куш  жолунан 22 км, Нарын – Орук – Там  жолунан 5 км, Баетов-Макмал жолунан  5 км, Сары-Булак-Соң-Көл жолунан 3 км, Ак-Талчат - Жогорку-Май жолунан 4 км, Казарман-Акталчат  жолунан 3 км, Ат-Башы - Кында - Торугарт жолунан 3 км асфальт төшөө каралды. Ал эми Нарын-Баетов унаа жолун бүтүрөбүз. Өлкө башчынын койгон талабы дагы ушул", - деди министр Сыргабаев.

Өткөн жылдын декабрь айында Президенттин катышуусунда өткөн III Элдик курултайда нарындык делегаттар тарабынан жол тармагына байланыштуу 40 кайрылуу түшкөн.