Жаңылыктар
Раззаков шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурула баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Раззаков шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурула баштады

Лейлек районунун борбору - Раззаков шаарында 171 мыйзамсыз курулуш аныкталып, буга чейин курулуш ээлерине эскертүүлөр берилген.


Бүгүн район акиминин биринчи орун басары Чыңгыз Рысовдун жетекчилигиндеги комиссия рейдке чыгып, эскертүүгө баш ийбеген жарандардын мыйзамсыз курулуштары бузулду. Алгач шаардын негизги көчөлөрүндөгү жеңил типтеги курулуштар бузулуп алынды. Капиталдык курулуштарды бузуп алуу боюнча акыркы эскертүүлөр берилип, мөөнөт коюлду.

Жергиликтүү бийлик 2024-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен мыйзамсыз курулуштар бузулуп, шаар иретке келтирилээрин билдирүүдө. Ал эми шаардын борбордук базарындагы башаламан соода жүргүзүүнүн айынан өрт өчүрүүчү унаанын кирүүсүнө мүмкүн болгон жок. Мындан улам жергиликтүү бийлик өкүлү базар жетекчилигине эскертүү берип, айып салынаарын айтты.


Өлкө Президентинин “Жерлерди өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын адын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” №109 Жарлыгынын, “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт кою боюнча чаралар жөнүндө №56 Жарлыгынын негизинде, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 2-февралынан тарта облус аймагындагы ири базарларды жана негизги көчөлөрдү иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу иштери башталган.

Максат - жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо, ыңгайлуу шарт түзүү.