Жаңылыктар
Таласта муз үстүндө улуттук оюндар ойнолду (фотобаян)
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта муз үстүндө улуттук оюндар ойнолду (фотобаян)

Таластын маданият кызматкерлери жылгаяк тебүү иш-чарасын уюштурду.

Манас районунун Арал айылындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы этнографиялык-фольклордук музейинин жана маданият үйүнүн кызматкерлери кышкы туризимди өнүктүрүүнү колго алышты.


Сергек жашоо образын колдогон кызматкерлер жылгаяк тебүү иш чарасын өткөрүштү. Анын алкагында муз үстүндө улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүн уюштуруп, улуттук оюндарды ойношту.


Иш-чарага Манас райондук мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышты.