Ош шаарынан Өзбекстандын Наманган шаарына, андан ары Касансайга чейин маршруттук каттам ачылды.
Ош аймактык департаментинин жетекчисинин орун басары Алманбет Эркебаевдин УТРКга билдиришинче, Ош – Наманган – Касансай каттамын эки жак – өзбек жана кыргыз тарап биргелешип аткарат. Күнүнө төрт каттам жасалып, Оштон эки, Касансайдан эки каттам жолго чыгат.
Кыргыз тараптан каттамды аткарууга жооптуу “Транс ордо” ЖЧКсынын жетекчиси Мырзамат Чыңгараевдин айтымында, бул каттам эки өлкөнүн эли үчүн тең пайдалуу. Каттамга чыккан кичи автобустар Наманган автобекети аркылуу өтөт. Билеттин баасы Наманганга чейин 320, Касансайга чейин 450 сом, Касансайдан 70 миң сум. Багыттын аралыгы 170 чакырым, жолдогу убакыт 3-3,5 саат.
Каттам Өзбекстандагы Savanna компаниясынын демилгеси менен эл аралык социалдык долбоорлордун алкагында ишке ашты. Ал эң ириде жүргүнчүлөрдү жол азабынан арылтты. Маселен, буга чейин Оштон Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна барчулар 8-9 саат жол жүрсө, эми жаңы каттам менен 3 жарым саатта жетет. Сапарга чыккандар чек ара бекеттеринде да көпкө кармалбайт, себеби бул каттам үчүн жашыл коридор иштейт.
30 жыл мурда токтоп калган каттам эки элдин достук алакасын дагы да бекемдөө жана туризмди өнүктүрүү максатында кайра жанданды.
Наманган Фергана өрөөнүндөгү эң чоң шаарлардын бири, Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен чектешкен Наманган облусунун борбору. Калкынын саны боюнча Өзбекстанда Ташкенттен кийинки экинчи орунда турган калаа.