Жаңылыктар
Жети-Өгүздө жер алдынан чыккан суунун курамында күмүш бар экени аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жети-Өгүздө жер алдынан чыккан суунун курамында күмүш бар экени аныкталды

Жети-Өгүз районуна караштуу Чырак айылында жер алдынан чыккан суунун курамында күмүш бар экенидигин изилдөөчүлөр аныкташкан. Алардын  изилдөөсүнө караганда, суунун тереңдиги 103 метрге жетет. 

Азыркы тапта айыл ичи таза суу менен камсыз болгону менен ден соолук үчүн пайдалуу деген жергиликтүүлөрдүн айрымдары бир гана ушул суудан пайдаланышат. 

Былтыр суунун курамында күмүш бар деген маалыматтар айтылып, атайын лабораториядан өткөрүлүп, анын курамында күмүш бар экени тастыкталган. Учурда айыл эли чет элдик инвесторлорду тартуунун аракетин көрүшүп, өздөрү демөөрчү таап иштетүүгө билек түрүшүүдө. Жаштардын бул демилгеси ишке ашырылып калса, бүтүндөй айылга киреше алып келери күтүлүүдө. Учурда кытайлык, орусиялык демөөрчүлөр кызыктар болуп жатканы тууралуу маалыматтар бар.