Ак-Талаа районунун Баетов айылында мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды жеткиликтүү билим алышы үчүн аларды үйлөрүндө окутуу уюштурулган.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайдарбек Сыдыковдун айтымында, район боюнча мектеп жашындагы 138 майып бала бар. Алардын ичинен 11 бала медициналык корутундунун негизинде окубайт. 98и жалпы билим берүүчү орто мектептерге келип билим алышса, 29 окуучуга үйдөн билим берилет.
Аларга 9-классты бүткөндөн кийин күбөлүк берилип, тандоо укугуна ээ. Кааласа мектепте, кааласа үйдө билим алса болот. Мектепке келип билим алгысы келгендер үчүн жеке кабинет берилип, окуусуна шарт түзүлөт.
Ден соолугунан майыптыгы бар балдар коомдон сыртта калбай билим алып, келечекте бир кесиптин ээси болуусу үчүн район бийлиги да аракеттерди көрүшүүдө. Бул үчүн мугалимдердин, социалдык педагогдордун жана ата-энелердин катышуусунда семинар, тегерек столдор уюштурулуп турат. Бирок, тиешелүү шарт түзүүгө аракеттер жасалып жатканы менен өзгөчө балдарды окутуу үчүн адистердин жетишсиздиги негизги көйгөлөрдүн бир бойдон калууда.
Майып балдардын ата-энелери психолог, логопед адистери жоктугун жана аутизм жана даун синдрому бар балдар үчүн атайын программанын зарыл экендигин билдиришет.