Жаңылыктар
Ат-Башыга келген туристтерден 6 миллион 218 миң сом киреше түшкөн
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыга келген туристтерден 6 миллион 218 миң сом киреше түшкөн

Ат-Башы районунда туризмди өнүктүрүүгө, туристтерди тартууга көп аракеттер жумшалууда. Мындай аракеттердин аркасында өткөн жылы районго келген ички жана чет элдик туристтердин саны эки эсе өстү.

Маселен, былтыр 24 миң 575 ички турист келсе, ал эми чет өлкөлөрдөн 6 миң 143, жалпы 30 миң 718 турист келген. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 15 миң 437ге көп. Алардан районго 6 миллион 218 миң сом киреше түшкөн.

Өткөн жылы “Көл-Суу-Кыш”, “Кыргыз көчү” жана “Кыргыз даамы-2024” этнофестивалы, “Улуу тоодо-улуу тарых, улуу нарк" форуму сыяктуу райондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, кыргыз маданиятын, каада-салтын, улуттук даамдарын даңазалаган маданий иш-чаралар уюштурулган.

Мындай иш-чаралардын өткөрүүнүн натыйжасында чет өлкөдөн келген туристтердин саны көбөйүп, быйылкы жылга дагы туризм тармагындагы ишкерлердин сунушуна ылайык, 7-февралда Ак-Сай өрөөнүнүн Көл-Суу аймагында “Көл-Суу керемети” кыш фестиваль уюштурулуп жатат. Ага 100гө жакын коноктордун келиши күтүлүүдө жана 20дай чет элдик туристтер  алдын ала орундарын ээлеп коюшкан. Ошондой эле быйылкы жылга тарыхый этнокомплекстерин куруу, улуттук нарк, адеп-ахлак менен кыргыз элинин көөнөрбөс маданиятын даңазалаган фестивалдарды өткөрүү пландалып жатат.

Ат-Башы районунда 28 республикалык маанидеги, 53 жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий жайлар бар.