Жети-Өгүз капчыгайында орун алган Жети-Өгүз курорту кайрадан жанданат. Көп жылдар бою каралбай кейиштүү абалга кептелген ден соолукту чыңдоо борбору Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өтүп, курулуш иштери башталды.
Деңиз деңгээлинен 2400 метр бийиктикте жайгашкан ден соолукту чыңдоо жайы 1931-жылы курулуп, 90-жылдын аягы менен акыркы имараттары пайдаланууга берилген. Мекеме отуз жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Имараттын дубалдарынын шыбы түшүп, терезелери сынып, дарылоо бөлмөлөрүндөгү эмеректер менен медициналык аппараттардын эскилиги жеткен. Ага карабай чет өлкөлөрдөн бери туристтер келип эс алып турушкан. Ден соолукту чыңдоо жайы өткөн жылдын сентябрь айынан тарта ишмердүүлүгүн токтоткон. Азыркы тапта реконструкция иштери жүргүзүлүп, курулуштун ички жумуштары аткарылып жатат.
Ден соолукту чыңдоо жайында жалпы 6 имарат жайгашкан. Анын айрымдары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт, ал эми авариялык абалдагы имараттар толугу менен бузулат. Реконструкциялоо мамлекет тарабынан колго алынып, ага кеткен каражаттын жалпы наркы 300 млн. сомдон ашты.
Курулуш иштеринде жалпы 80 ге жакын жумушчулардан турган 6 бригада иштеп жатат. Учурда демонтаждоо жумуштары бүткөрүлгөн.
Жаңыланган жаңы долбоордо имараттар толугу менен жасалып, жатакана корпустары салынып, афрейм үйлөр курулат. Бассейн, душ, ванналар талапка ылайыкталып, эс алуучулар үчүн бардык шарттар түзүлөт. Мындан сырткары медициналык аппараттары жаңыланып, керектүү жабдуулар менен камсыздалат.
Жети-Өгүз курорту ушул жылдын соңуна карай пайдаланууга берилери күтүлүүдө.