Жаңылыктар
Картошка 55, эт 590 сом - Нарындагы баа
Кыргызстан жаңылыктары
Картошка 55, эт 590 сом - Нарындагы баа

Нарында азык-түлүк кору жетиштүү экенин бүгүн Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Турганбаева билдирди.

Анын маалыматына караганда, азык-түлүк коопсуздугун алдын алууда айыл чарба  продукциялар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн  көлөмү 2024-жыйынтыгы менен  28 миллиард 839 миллион сомду түздү. Анын ичинен 62 миң 100 тонна эт, 145 миң 100 тонна сүт өндүрүлүп, облус боюнча  68 миң тонна картошка жыйналган. Учурда дыйкан фермерлердин колунда 15 миң тоннадан ашык картошка бар. Бүгүнкү күнгө карата картошканын дүн баасы килограммына 45, ал эми базарда 55 сомдон сатылууда.

“Азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн облустук штаб түзүлүп, жер-жерлерде жыйындар өткөрүлүп жатат. Базар баасын турукташтыруу үчүн жума сайын жарманкелер уюштурулуп, баалар көзөмөлгө алынууда. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бааларды туруктуу кармоо боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүлүп, учурда азык-түлүк кору жетиштүү”,-деди облустук бийликтин өкүлү.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бактыбек Орозобеков  эттин  баасы көтөрүлүшүнүн себебин семиз малдын баасы өскөнү менен байланыштырууда: “Он күн мурун картошка баасы базарда 40-45 сомдон болсо, азыр ортомчуларга дүңүнөн ушул баада өткөрүп жатышат. Учурда эттин бир килосу Нарын шаарында 590-600 сомго чейин чыгууда. Баалардын көтөрүлүп жатканы дыйкандар өндүргөн картошканын көлөмүнүн аздыгы жана семиз малдын баасынын жогорулашына байланыштуу”.

Бүгүн, 5-февралга карата Нарын шаарындагы базарда  эт  590-600, картошка 55,  1-сорттогу ун 36,  1 литр өсүмдүк майы 145, кумшекердин килосу  67 сомдон сатылууда.