Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата онкологиялык оорулар тууралуу маалымдуулук жумалыгы өтүүдө. Анын алкагында 7-февралга чейин аялдарга акысыз консультациялар берилет.
Кыргызстанда жыл сайын 5000ден ашык адамдан онкологиялык оорулар аныкталууда. Маалыматка караганда, бейтаптардын көбү ашказан, өпкө рагынан жабыркайт. Андан кийин аялдардын көкүрөк бези менен жатын моюнчасчынын рагы турат.
Аялдар арасындагы оорунун алдын алуу максатында Ош аймагындагы дарыгерлер бир аянтка чогулду. Дарыгерлер 40 жашка чейин жылына 1-2 жолу текшерүүдөн өтүүнү сунушташат. Андан сырткары 30 жаштан кийин жылына бир жолу гинекологго көрунүп туруу керек. Ал эми калк арасында маалымат жеткизүү, алдын алуу чараларын күчөтүү ракка каршы күрөштө маанилүү кадамдардын бири. Оору канчалык эрте аныкталса дарылоо ошончолук жеңил болот. Акыркы жылдары бул ооруну женгендердин саны да көбөйүүдө. Анын бир себеби - коом арасында медициналык кароодон байма-бай өтүү тушүнүгү калыптанып жаткандыгында.
4-февраль рак илдетине каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Ага улай 1-февралдан 7-февралга чейин саламаттыкты сактоо уюмдарында акысыз консультация берүү уланууда. Анын алкагында Ош шаарындагы жана облустагы аялдар акысыз медициналык текшерүүдөн өтө алат. Залалдуу шишиктен арылууга мүмкүн экендигин айткан дарыгерлер калкты туура тамактанууга чакырат.
Өлкөнүн түштүк аймактарында залалдуу шишик ооруларын дарылоодо адистер жетишсиз экендиги, ошол эле учурда онкологиялык ооруга чалдыккандарды дарылоодо тийиштүү медициналык жабдыктар жоктугу айтылып келет. Ал турсун оорукананын имараты да эскилиги жетип, онкологиялык дартка чалдыккандарды дарылоодо орундуктар жетишсиз. Бул маселени чечүү үчүн Ош шаарында 150 орундуу жаңы имарат куруу пландалган. Учурда анын долбоору иштелүүдө.