Жаңылыктар
Өлкөдө орточо пенсия 10 585 сомду түзүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө орточо пенсия 10 585 сомду түзүүдө

Кыргызстанда пенсия жогорулагандан кийин учурда анын орточо көлөмү 10 миң 585 сомду түзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов билдирди.

Учурда пенсиянын басымдуу бөлүгү коммерциялык банктар аркылуу берилип жатат. “Өткөн жылы жалпысынан 60 миңден ашуун пенсионерге пенсия чегерилди. Жыл сайын алардын саны өсүүдө. Быйылкы жылдын 1-январына карата пенсионерлердин саны 797 миңди түздү”,-деп маалымдады Соцфонд өкүлү.

Кыргызстанда пенсия 2022-жылы 33 %,  2023-жылы 38 % жогорулаган. 2024-жылы Президенттин Жарлыгы менен эң төмөнкү пенсия 6900 сомго көтөрүлгөн.