Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринде 3 161 353,0 миң сом каржылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.
Кечээ, 6-февралда, Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда аудитор Раматилаев Азамат 2023-жылдын Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринин бюджетинин аткарылышы боюнча шайкештик аудитинин жыйынтыктарын баяндады.
Аудитор Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринде эмгек акы төлөө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, товардык материалдык баалулуктардын эсебинин толуктугун камсыздоо жана башка иштеринде олуттуу шайкеш келбестиктер орун алганын белгиледи.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы бузуулардын суммасы 3 161 353,0 миң сомду түздү
Анын ичинен:
Процедуралык бузуулар: 2 341 617,5 миң сом;
Финансылык бузуулар: 819 735,5 миң сом аныкталып, анын ичинен:
Бюджетти аткарууда – 561 186,10 миң сом;
Мүлктү пайдаланууда – 4 552,70 миң сом;
Эсеп жана отчеттуулук тартибинде – 151 505,50 миң сом;
Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда – 102 492,20 миң сом.
Ал эми 819 735,5 миң сом каржылык бузуулардын ичинен 114 452,0 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 111 157,3 миң сом же 97,12% калыбына келтирилген.
Отчет Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда бекитилип, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жазма буйрук жана сунуштама жиберилди.