Жаңылыктар
Салык кызматы бир айда 22,5 млрд. сом салык жана төлөмдөрдү чогултту
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы бир айда 22,5 млрд. сом салык жана төлөмдөрдү чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь айында 22 млрд. 554 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултканын билдирди.

Муну менен пландык көрсөткүчтөр 3 млрд. 418,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Түшүүлөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,05 млрд. сомго көбөйгөн.

Мындан сырткары Салык кызматы 6 млрд. 714,4 млн. сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту, бул белгиленген пландан 814,4 млн. сомго көп. 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 839,8 млн. сомго өстү.

 Жыйынтыктап айтканда, чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы ушул жылдын январь айында 29 млрд. 268,4 млн. сомду түздү.