Быйыл Нарын электр тармактар ишканасында орчундуу курулуштар болот. Анын бири Кочкор районунун Чолпон айылына курула турган темир-бетон мамыларын даярдоочу цех. Мындан тышкары Нарын районунун Кур-Терек участогуна жана Ат-Башы районунун Талды-Суу айылына 110/35/10 кубаттуулуктагы эки чоң подстанция курулат. Учурда Нарын шаардык электр тармактары эски имаратта турат. Ал жерге да үч кабаттуу жаңы имарат курулат. Жумгал районунун борбору Чаек айылына, Ат-Башы айылына элди тейлөө үчүн атайын борборлор салынып, элдин суроо-талаптарын аткарууга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул тууралуу УТРК Нарынга аталган ишкананын башчысы Рустам Сакиев билдирди
Өткөн жылы облустун электр тармактарында 284 млн. 695 миң сомдук капиталдык курулуштарды жүргүзүү мерчемделип, жыл ичинде 315 млн 873 миң сомдук иштер аткарылган. Алсак 35 кВ жогорку чыңалуудагы 40 көмөк чордондо, 90,3 чакырым аба чубалгысында капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Ал эми 58 көмөк чордондо жана 1964 чакырым аба чубалгыда техникалык тейлөө жумуштары аткарылган.
Мындан тышкары 25 чакырым аба чубалгысы СИП-2 аба чубалгыларына алмаштырылса, 17 чакырым аба чубалгы жаңы курулуп ишке берилип, 26 миң 269 акылдуу эсептегичтер орнотулду.
Нарын шаарындагы темир-бетон цехи даярдаган электр мамыларынын 400дөн ашыгы Ак-Талаа, Кочкор, Нарын жана Жумгал райондук электр тармактарына жеткирилген.