Каракол шаарындагы борбордук автовокзал оңдолууда. Имарат көп жылдан бери жарактан чыгып, колдонулбай келген. Жакынкы күндөн бери автобекет капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүп, азыр иш кызуу жүрүүдө. 3 кабаттан турган имаратта баардык керектүү шарттары каралган.
Автобекеттерди оңдоо жагы жакшы жолго коюлуп, Каракол бекетинде жаңылоо жумуштары жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө имараттын чатыры алмашылып, сапатуу терезелери салынып, сыртына сары таштар чапталып, ички бөлмөлөрү жылууланып жатат. Сапаттуу курулуш материалдары Россиядан алынып келүүдө. Ичинде желдеткичтеринен тартып баардыгы болот. Биринчи кабатында ашкана, кассалардын бөлүмдөрү жайгашат. Айдоочулар үчүн шарты бар жатакана жасалууда.
1988-жылы пайдаланууга берилген бекет, буга чейин бир да жолу оңдоодон өткөн эмес. Чатырынан суу агып, ичтери каралбай калганына бир топ жыл болгон. Бирок союз мезгилинде курулган имараттын сөөгү бышык, архитектурасы мыкты чийилген. Автобекеттин айланасы көрктөндүрүлөт. Жолдоруна асфальт төшөлдү.Каралбай калган бекеттин жаңылоо ишине жергиликтүүлөр кубанып турушат.
Автобекетти “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы салып жатат. Каражатат республикалык бюжеттен капиталдык салымдар беренеси боюнча дээрлик баардык чыгымдарды эске алганда 160 млн. түзөт. Азыр курулушта 8 топ менен, 40 тай жумушчу кызуу иштеп жатат. Автовокзал эл аралык стандартка ылайыкталып,туристик шаар үчүн жакшы шарт түзүлөт. Негизинен бекеттин суткасынан 500 миң жүргүнчүнү узатууга мүмкүнчүлүгү болот. Азыр 74 каттам боюнча иш алып барылып, күнүнө 1500 билет сатылат.