Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлери тарабынан онкологиялык оорулуулар үчүн дары-дармектерди мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы А.Т., аталган бөлүмдүн дарыгери А.Х. жана улук медайым К.А. дары-дармек каражаттарынын көлөмүн системалуу түрдө эсептен чыгарып, андан кийин жеке тартипте онкологиялык оорулар менен ооруган адамдарга мыйзамсыз сатылган.
Азыркы учурда жогоруда аталган А.Т., А.Х. жана К.А. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.