Жаңылыктар
Нарын шаарына 270 миллион сомго эки бакча курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарына 270 миллион сомго эки бакча курулат

Нарын шаарындагы №4-“Наристе-Нур” бала бакчасына жаңы имарат салынат. Бул тууралуу бакчанын башчысы Нургүл Асипбаева билдирди.

Маалыматка караганда, аталган бала бакчанын эки филиалы бар. Анын негизги корпусу 1964-жылы курулуп, эскилиги жеткен. Бул корпусту куруу үчүн 3 миң 721 чарчы метр жер аянты бөлүнүп, эки кабаттуу 100 орунга ылайык бакчанын долбоору даярдалып, тендерге жарыялоо алдында турат. Курулуш 110 миллион сомго бааланып, республикалык бюджеттен каржыланат. Жумуштар жаз алды менен башталып сентябрь айында колдонууга берүү мерчемделүүдө.

Ал эми Нарын шаарынын борборундагы биринчи филиалы  жайгашкан имараттын курулганына 67 жыл болду. Жаш жеткинчектерди бардык шарттагы заман талабына ылайык бакчада тарбиялоо зарылдыгынан улам, жаңы имараттын  долбоору даярдалып жатат. Долбоорго ылайык  курулуш 160 миллион сомго бааланып, мамлекет тарабынан каржыланат. Бакча эки кабаттуу типтүү 140 орунга ылайык  болот.

Аталган бакчанын үй тибиндеги экинчи филиалы дагы калаанын борбордук чөлкөмүндө жайгашкан. Эки филиалы менен кошкондо бакчада 282 бала тарбияланууда. Азыркы күндө кезекке турган наристелер жок.

Жалпы суммасы 270 миллион сомду түзгөн эки бакча тең заман талабына ылайык шарттары, оюн аянттары менен салынып, ичи музыкалык аспаптар, балдар уктоочу керебеттер, жууркан төшөктөрү, эмеректери жана ашканасына керектүү бардык жабдыктар менен толук жабдылат.