Бишкек шаарында JICA уюуму тарабынан негизделген "Бир айылдан - бир продукт" улуттук экономикалык долбоорунун алкагында жыл сайын өтүүчү бренд комитетинин "Мыкты улуттук бренд" сынагы өттү.
Ага Баткен облусунан 2024-жылдын жыйынтыгы менен бренд статусуна ээ болгон 13 азыктын ичинен төртөө катышты.
Алар:
-Малина токочу
-Малина ширеси
-Кургатылган канттуу өрүк
-Жүзүм ширеси
Сынактын жыйынтыгы менен облустар арасында Баткен облусу 1-орунду ээледи. Ал эми өндүрүүчүлөр арасында Сапаргүл Жусупбекова 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.