Президент Садыр Жапаровдун 4-7-февралда Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапары аяктады.
Сапардын биринчи күнүндө Президент Садыр Жапаров Пекинде Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Алар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле энергетика, инфраструктура, транспорт жана жогорку технологиялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Андан соң Элдик жыйындар үйүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң алар кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелери, ар тараптуу жана тең укуктуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашты.
Андан кийин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Ошондой эле мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтындагы Эл баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду.
Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Алар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөнү, ошондой эле саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелердин келечегин талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров Кытайга жасаган мамлекеттик сапардын алкагында Пекин тил жана маданият университетинде кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстунун ачылыш аземине да катышты. Белгилей кетсек, жазуучунун бюстун кытайлык скульптор жасаган.
7-февралда Президент Садыр Жапаров Харбинде Бруней-Даруссаламдын Султаны Хассанал Болкиах менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечегин жана аны мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.
Андан соң Мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин атынан расмий кабыл алууга жана 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышты.
7-февралда Кытайга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.