Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиевге Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу”) менен кылмыш ишин козгоп, өлкөдөн чыгууга тыюу салды.
УКМК тараткан маалыматта ырчыга AIRAN деп аталган YouTube каналдагы маегинде улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган деген кине коюлуп, учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.
9-январда казакстандык AIRAN YouTube каналы “Кыргыздар казактардан эмнеси менен айырмаланат? - деген темада бир сааттык видео тасма жарыялаган. Анда 19-кылымда жашаган казак ханы Кененсары тууралуу да кеп болгон. Тасмада казакстандык журналисттер бул боюнча эки элдин ортосундагы талаш-тартыш токтобой келе жатканын белгилеп, “Ормон хан мынчалык катаалдык кылбай, коңшулугун көрсөтсө болот беле?” - деген суроо койгондо Кайрат Примбердиев “Ормон хан Кененсары ханды өлтүрүүгө мажбур болгон. Мен өз атымдан бул окуя үчүн казак элинен кечирим сурагым келет”, - деп айткан. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, ырчы AIRAN медиасына дээрлик бир сааттай маек бергенин, бул тарыхый окуянын жүрүшүнө кенен токтолгонун, бирок анын баары тасмага кошулбай калганын айткан.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет, бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.