Бүгүн Өзгөн шаарынын борбордук аянтында Айкөл Манастын айкелин ачуу аземи өтүп, ага Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов, Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев, ардагерлер, район жетекчилиги, белгилүү манасчылар, төкмө акындар, жергиликтүү тургундар катышты.
Аземде алгач Өзгөн райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин “Манас” эпосунан даярдаган сахналык көрүнүшү тартууланып, андан кийин коноктордун куттук сөздөрү айтылды.
Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан Айкөл Манастын эстелигин жана анын жайгашкан жерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаевдин демилгеси менен өткөн жылы башталып, ошол эле жылы аяктаган. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 млн. 185 миң сом бөлүнгөн.
Айкелди жезден жасоо үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 млн. сом, жергиликтүү бюджеттен 100 миң 823 сом бөлүнүп, жумуш толук аткарылды. Эстеликтин бийиктиги 3 м, 65 см, туурасы 1 м, 60 см.