Нарындын Ак-Сай өрөөнүндөгү Көк-Кыя аймагында жайгашкан Көл-Сууда кыш фестивалы өттү
Фестивалга Казакстандан, Орусиядан, Германиядан келген саякатчылар күбө болуп, муз үстүндө кызыктуу оюн-зооктор көрсөтүлдү. Кыргыз маданияты менен керемет жайды даңазалаган саамалыктын жүрүшүнө улуу “Манас” баянынан үзүндү айтылып, кыргыз бийи аткарылып, аркан тартыш, жаа атуу, бүркүт салуу сыяктуу улуттук оюндар тартуулануу менен четтен келген меймандарга кыргыздын улуттук баалуулуктары даңазаланды.
Жайы-кышы саякатчыларга толгон Көл-Суу өлкөнүн белгилүү туристтик локациясына айланды. Ал арада кышкысын көпкөк муз болуп тоңгон көлгө унаа менен келип ойногондор көбөйгөн. Бирок жакында эле көл үстүнө унаа менен кирүүгө чектөө киргизилди. Бул эң ириде эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жана көлдүн экологиясын сактоо максатында кабыл алынган чара.
Ат-Башыда туристтерге кызык болгон тарыхый-маданий жайлар арбын болгондуктан аймактын туристтик мүмкүнчүлүгү жогору. Алсак 2024-жылы район туризмден жалпы 7 млн. сомго жакын киреше тапкан. Жергиликтүү бийлик бул багытта аракетти күчөтүп, ишкерлер жана атайын турфирмалар менен биргеликте иштешүүнү колго алууда.