Өлкөдө өткөн 2024-жылдын январь-декабрь айларында орточо эмгек акы 37 миң 361 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эмгек акы бир жыл мурдагыга, же 2023-жылга салыштырмалуу 12,7% өскөн.
Улуттук статистикалык комитеттин эсебине караганда, айлык акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, ошондой эле тоо-кен өндүрүшү сыяктуу тармактарда катталган.