Жаңылыктар
MCN Сoin'ге алдаткандардын акчасы кайтарылууда
Кыргызстан жаңылыктары
MCN Сoin'ге алдаткандардын акчасы кайтарылууда

MCN Сoin криптоактивине акча алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн. 700 миң доллардан ашык каражат кайтарылып берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалагынын опер кызматкери Данияр Закиров бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, MCN Сoin криптоактивине акча салып, кайра ала албай калганына арызданган адамдардын аягы суюла элек. Учурда андай арыздардын ар бири териштирилип жатат.

Ички иштер министрлиги бул иш боюнча 2024-жылдын 12-сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") 3-бөлүгү менен иш козгогон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Материалдар Бишкектин эки райондук милициясында каралууда.

Өткөн жуманын соңунда Кыргызстанда MCN Сoin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналган эки адам кармалып, сот чечими менен эки айга камалган. Алардын бири Исрадин Субанбеков “Ала-Тоо 24” каналы көрсөткөн тасмада “MCN Сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өз кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере албасын, жалган убадаларды бергенин” айткан жана элден кечирим сураган. Анын айтымында, бул схема менен алар 2,5 млн. доллар пайда тапкан.