Жаңырган жыл башынан бери 96 миңдей жол эрежесин бузган айдоочу аныкталып, аларга салынган айып пулдан бир ай ичинде мамлекеттик бюджетке 38 млн. сомдон ашык каражат түшкөн.
Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында ушул жылдын алгачкы айынын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешмеде айтылды. Анда бир айдан ашык убакытта белгиленген ылдамдыктан ашырган 15 миңдей, мас абалда 1,5 миңге жакын айдоочу кармалганы, дагы 500дөй айдоочу машинасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатканы аныкталганы сөз болду.
Кеңешмеде жол кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмалар берилди. Айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу катуу эскертилди.