Нарын облусунда мектептерде жана бала бакчаларда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдиргендей, мектептерде жана бала бакчаларда коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу жана билим, тарбия алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги максаттардан. Анын бири - мектептердин жана балдар бакчаларынын аймагында көзөмөл жүргүзүүчү видеокамералар коюлуп, ишке кириши болду.
Алсак, мектептер интернет байланышы менен толук камсыздалып, бардыгы 1610, ошондой эле 112 бала бакчага 729 видеокөзөмөл камерасы орнотулган.
Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар мындан ары дагы уланып, контролдоо системалары, тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн инфратүзүмдү жакшыртуу пландалууда.
Маалымат үчүн айтсак, облуста 140 мектеп жана 145 бала бакча бар.