Айыл чарба министрлигинин тапшырмасына ылайык, жер-жерлерде өтүп жаткан айыл чарба жарманкеси бул ирет Раззаков шаарында болду. Ага район аймактарынан багбан, дыйкандар келип, азык-түлүктөрүн калкка базар баасынан арзан сунуштады.
Бул демилге Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан колго алынып, белгиленген тартип боюнча жарманке ар жуманын бейшемби күндөрү үзгүлтүксүз өткөрүлүп, жергиликтүү дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукциясын ортомчусуз түз сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Жарманкенин максаты - социалдык-экономикалык жактан азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо. Калктын азык-түлүккө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, баалардын негизсиз жогорулашынын алдын алат. Аталган демилгенин узак мөөнөттүү иштеши айыл чарба секторунун өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, азык-түлүк саясатынын туруктуулугун бекемдейт.