Талас облусунун ар бир аймактарында азык-түлүк жарканкелери өткөрүлүүдө.
Жарманкеге дыйкан-фермерлер жана социалдык келишим менен ишкерлик жүргүзүп жаткан жарандар өндүргөн айыл чарба продукцияларын алып чыгышты.
Жарманкеде эт азыктары 420 сомдон, жумуртка 7 сомдон баштап сатылууда. Мындан тышкары мөмө-жемиш менен жашылчалар, сафлор майы, биогумус даярдоочу Калифорния сөөлжандары, бал өндүрүүчүлөр өздөрү өндүргөн азыктарын базар баасынан төмөн баада сатыкка коюшту.
Азык-түлүк жарманкелери мындан ары ар ишемби күндөрү уюштурулуп турат.