Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз ыктыяры менен кызматтан кеткени 10-февралдын кечинде белгилүү болду. Бул күнү БШКнын жыйынында анын арызы каралып, кабыл алынганын аталган комиссиядан кабарлашты.
Жыйында Нуржан Шайлдабекова БШКнын мүчөсү катары жаңы жетекчиге талапкер көрсөтүү укугу бар экенин айтып, ордуна орун басары Тынчтык Шайназаровдун талапкерлигин көрсөткөн. Натыйжада Шайназаровдун талапкерлиги көпчүлүк добуш менен колдоо тапкан.
Нуржан Шайлдабекова БШК төрайымдыгына 2016-жылы шайланган. 2021-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы аны кайрадан жетекчи кылып шайлаган.
Шайлдабекованын төрайымдыгы менен БШК эки жолу президенттик, парламентик жана бир канча жергиликтүү шайлоолорду өткөрдү.
Төрагалыкка жаңы шайланган Тынчтык Шайназаров 2021-жылдан бери БШКнын башчысынын орун басары болуп келген. Ага чейин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон Шайназаров мурда прокуратура тармагында кызмат өтөгөн.
Борбордук шайлоо комиссиясында жалпысынан 12 мүчөсү бар. Анын тең жарымын президент, калган алтоону Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт. БШК мүчөлөрү беш жылдык мөөнөткө шайланат. Азыркы курам 2021-жылы келген.