Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды.
Иш сапардын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышып, “Глобалдык таасирдин өсүшү” форумунун ачылышында сөз сүйлөйт.
Мындан тышкары, саммиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулардын болоору пландалууда.