Жаңылыктар
Эртең көчүлүк аймактарда кар жаайт
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең көчүлүк аймактарда кар жаайт

12-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз 1…3° болот.